• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ырчы Чокоев чуу жараткан долбоорун жапты

10 Үчтүн айы 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Курал Чокоев сынга кабылган долбоорун жапты. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына видео кайрылуу жайгаштырды.

Анын айтымында, буга чейин интернет желесине жарыяланган программанын видеолору өчүрүлөт.

«Долбоор тууралуу көптөгөн пикирлер айтылып, көбү терс болду. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан долбоорду тартууну токтотуп, видеолорду өчүрөбүз. Бүгүнкү тарыхый күндү негатив менен баштабай, шайлоого катышып, татыктуусун тандайлы», — дейт ал.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоев өзүнүн Ютуб каналына  жаңы программа чыгарган. Бул программасынын алгачкы чыгарылышына эле эл тарабынан терс пикирлер айтылып, ал тургай маданият өкүлдөрү: «Бул программа үчүн Курал Чокоевге Маданият министрлиги чара көрүшү керек», — деп жазып чыгышты. Айрым радиолор Курал Чокоевдин ырларына байкот жарыялаган болчу.

Количество просмотров: 686