Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин айткандарына жооп берип, мамлекеттин казынасына кол салбаганын куран кармап айтып берди.
Жумалиевдин жарандык активист Мелис Аспеков менен болгон талкуусу “САНАТ” телеканалындагы «Актуалдуу тема» көрсөтүүсү аркылуу эфирге чыкты.
“Мен 1992-жылдан 2005-жылга чейин бир дагы жолу коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Туугандарым менден жардам сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлим менен идеямды айтчумун. Алар өз эмгеги менен иштеп тапкан акчасына жашап жатышат. Мен куран кармап айтам, бир дагы жолу буюджеттин акчасын жеген эмесмин, 2,5 млд доллар акчам жок. Коррупцияга аралашкан эмесмин”, – деди Жумалиев.
Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.