• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Жумалиев: Сыймык Жапыкеевди сотко берем

5 Жетинин айы 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевди сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-ноябрда журналисттерге комментарий берип жатып айтты.

«Жапыкеев мен жөнүндө туура эмес маалымат таратып, каралап жатат. Кечээ мага караштуу мүлктөрдү террористти кармаган сыяктуу куралчан адамдары тинтип кетиптир. Бул жерде Жапыкеев түздөн-түз кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамсыз иштерге барып жатат. Жапыкеевди сотко берем. Жактоочуларым арызды даярдап жатышат. Бүгүн, эртең сотко кайрылабыз. Мен эч кандай мыйзамсыз байыган эмесмин. Мен илимпоз, билимдүү адам катары эч качан коррупциялык иштерге барган эмесмин», — деди Жумалиев.

Эске салсак, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкектеги «Гоин», «Таатан» соода борборлоруна жана Инновациялык технологиялар эл аралык университетине тинтүү жүргүзгөн.

Количество просмотров: 131