• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жабык жыйындан курал көтөрүп чыгып кетти

22 Аяк оона 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

Чек ара чырына байланыштуу ЖК тин жабык жыйынында депутат Жусуп Коргонбай уулу мылтык асынып чыгып кетти.

Өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип кетти. Кийинчерээк маалымат бериле турганы айтылды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуялар жана азыркы абал бүгүн 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жабык каралууда. Мындай чечимди депутаттар кабыл алган.

Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов айтып берип жатышат.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Количество просмотров: 11572