КСДП фракциясынын өкүлү, депутат Төрөбай Зулпукаров Стамбулда киши колдуу болгон Аэркин Саймаити жана бул окуяга байланыштуу кызматтан бошотулган Эркин Сопоков менен кандай байланышы бар? УКМКдан кылмыш иши козголгондон кийин жумуштан алынган мурдагы консулдун уулу Азамат Мамасалиев кантип депутаттын жардамчысы болуп калгандыгы тууралуу жооп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Анын айтымында, Азамат Мамасалиев кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.
«Атасынын окуясынан кийин ал өз ыктыяры менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазыптыр. Эркин Сопоковду тааныйм ал белгилүү акын, маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Аны тааныбайм деп тануу жигитчиликке жатпай калат»,-деп билдирген Зулпукаров.