Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты эмгек өргүүгө чыгып, төлөмүн ала элек. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
«Айрым ЖМКларда туура эмес маалымат булактарына таянып, депутаттар эмгек өргүү төлөмү катары 200-300 миң сомдон алышат деген кабар жарыяланды. Парламентарийлер кечээ гана сессиялык жылды жыйынтыкташты. Учурда бир дагы эл өкүлү эмгек өргүүгө чыга элек жана эмгек өргүү учурунда алчу акысы бериле элек», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин экс-депутат Исхак Масалиев парламент депутаттарынын берген убадасын аткарбай, 200 миң сомдон 300 миң сомго чейинки өлчөмдө өргүү акы ала турганын Фейсбук баракчасына жазган.