Бүгүн, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун тургундары ошол учурдагы бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразычылык билдиришкен. Натыйжада жергиликтүү элге ок атылып, алты адам каза болгон жана бир тобу жараат алган.