• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Аксы окуясына 21 жыл. Кемпир-Абад боюнча камалгандардын жакындары бийликке талап койду

17 Жалган куран 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

АКСЫ ОКУЯСЫНА 21 ЖЫЛ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Аксы окуясы дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуялардан экендигин белгилеген.

«Аксы окуясы экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрттү. “Элдин күчү – сел” дегени чын белем, мамлекет үчүн кайдыгер карабаган, тайманбас жүрөктөрдү ойготту. Ошентип, тарыхтын жүрүшүн өзгөртүп, өзгөчө окуя катары элдин эсинде калды. Аксы окуясы менен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы барагын ачты. Бул күн миң жылдап убакыт өтсө да эскерилип турат», — деп айтылат кайрылуусунда.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылы 17-мартта жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыккан. Алар камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын коюшкан. Демонстранттарды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган.

ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Горький паркында Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын жакындары митингге чыгышты. Жүздөн ашуун жаран катышкан акцияда «Мыйзамсыз камоолорго каршы!», «Сөз эркиндиги үчүн», «Көз карандысыз сот үчүн», «Адилеттүү бийлик үчүн», «Тын чогулуштарга тыюу салууга каршы» деген ураандар айтылып, резолюция кабыл алынды.

20дан ашуун саясатчы активисттердин жакындары, укук коргоочу саясатчылар алардын боштондугун талап кылып, бийликке кайрылуу жолдошту.

 “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалган Улукбек Маматаевдин апасы уулунун ден соолугу жакшы эмес экенин айтат.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган. Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

ДЕПУТАТТАР АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРАТ

Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдын 22-31 мартына чейин эл менен жер-жерлерде жолукмай болду. Мындай чечим Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда, депутаттар аймактарда шайлоочулардын маселелери менен таанышып, жергиликтүү калктын көйгөйүн угуп келет.

Белгилей кетсек,  март айында жарандар 4 күн катары менен эс ала турганы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, 18 жана 19-март – ишемби жана жекшемби, 20-март дем алыш күн болуп, ал үчүн кыргызстандыктар 29-апрель ишемби күнү иштейт; 21-март — Нооруз майрамы, бул күн да эс алуу күнү болот.

 “АЗАТТЫКТЫН” СОТУ ӨТТҮ

Бүгүн, 17-мартта Ленин райондук сотунда “Азаттык медиасынын” маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча, Маданият министрлигинин доо арызын кароо боюнча соттук отуруму уланды.

Анда Азаттыктын жактоочусу соттук отурум ачык болгондон кийин, видео жана фото съемка кылууга уруксат берүүнү суранды. Отурумдун башталышында тасмага тартууга уруксат берилген 20 мүнөт ичинде бир тараптын гана билдирүүсү угулуп, коомчулукка тартылганы турат. Мындай жагдай тең укуктуулуктун нормаларына ылайык келбей турганы айтылды.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат. Иш 9-февралда Ленин райондук сотунда карала баштаган.

МЭРИЯ ЭСКЕРТҮҮ ТАРАТТЫ

Бишкек шаарынын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет. Муниципалитеттен белгилешкендей, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар «Тазалык» ишканасы тарабынан чыгарылат.

«Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат», — деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эгерде мыйзам бузуу фактылары катталса жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул салынып, протоколдор түзүлөт.

Эске салсак, 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.

Количество просмотров: 553