• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Башкы прокурордун отчетун колдоду

21 Чын куран 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын 2020-жылы аткарган иштеринин отчету бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Башкы прокурордун мыйзамдуулук жана бул багытта аткарылган иштери боюнча отчетун депутаттар жактырды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматында, 2020-жылы өлкөдө 140 миңге жакын кылмыш катталганын кабарлады. Мунун ичинен 78 миң 254ү кылмыш, 61 миң 236сы жорук болуп эсептелет. Былтыр Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүрүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген.

Депутат Рыскелди Момбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш ишин козгоо, активист Тилекмат Куреновду бошотуу тууралуу маселе көтөрдү.

Аягында парламенттин колдоосун алган Зулушев ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 63