• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Депутаттар Бишкекте үйүнөн чыгарылган тургундардын маселесин көтөрүп, сынга алышты

6 Жалган куран 2024 11:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында депутаттар Таалайбек Сарыбашов, Максатбек Сарбагышев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев жана башка эл өкүлдөрү Бишкектин Суеркулов көчөсүндө жайгашкан имаратта жашаган тургундардын күчтөп чыгарылып жатышы боюнча маселе көтөрүштү.

Сарыбашов сот толук чечкенге чейин жарандарды кыштын күнү мажурлап сыртка чыгарылышын айыптаса, Бекешев ушундай мыйзамсыздыкка жол берген мамлекеттик органдарды сынга алды.

Эске салсак, 1-мартта Бишкектеги Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулуп, ал эми тургундары көчүрүлгөн.

Аталган имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын айтып, нааразы болушууда.

Количество просмотров: 129