• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутаттар БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтө баштады

6 Кулжа 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Парламентте БШКнын мүчөсүнө талапкерлерди көрсөтүү башталды. Бүгүн, 6-июндагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Мекенчил» депутаттык тобу талапкер катары Алтынбек Кубатбековду көрсөтүштү.

Ошондой эле жыйында дагы эки талапкер тууралуу маалыматтар угулууда. “Ынтымак” БШКга “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын директорлор кеңешинин өкүлү Мирлан Коңурбаевди, “Элдик” – Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери, Өмүрбек Текебаевдин мурдагы жардамчысы Калысбек Боронбаевди сунуштоодо.

Комитет депутатарынын чечими менен аталган талапкелер ЖКнын кароосуна жиберилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кызматы Акылбек Эшимов кармалгандан кийин бошогон. Быйыл 11-майда Жогорку Сот БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу күнөөлүү деп тапкан.

Количество просмотров: 66