Бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жыйынга келип, маалымат берүүсүн талап кылышты.
Депутаттар Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Улукбек Ормонов, Бактыбек Райымкуловдор саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү кароо менен өлкөдөгү эпидемиялык абал тууралуу министр маалымат бериши керектигин белгилешти.
Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу өкмөткө жолдогон.