• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Депутаттар кезексиз жыйынга четинен келе баштады

6 Тогуздун айы 2020 18:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүүдө.

Учурда кезексиз жыйынга четинен депутаттар чогулуп жатат. Келгендердин арасында Марлен Маматалиев, Айнуру Алтыбаева, Курманбек Зулушев, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров, Аида Касымалиева, Бактыбек Райымкулов,Улугбек Ормоновдор бар.

Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Кворум болгону, жыйында эмне маселе каралганы белгисиз.

Ошол эле учурда парламент депутаттары экиге бөлүнүп жыйын өткөрүп жатканы айтылды. Экинчи топ Бишкектин борборундагы жыйындар залына чогулуп, Жанар Акаев, «Ата Мекен», КСДП, «Республика» фракциясынын депутаттары жүргөнү кабарланды.

Количество просмотров: 1455