• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттар өкмөттүн отставкасы тууралуу «Бүтүн Кыргызстандын» сунушун четке какты

10 Бугу 2023 13:19 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-майдагы жалпы жыйынында карап, четке какты.

Фракциянын Министрлер кабинетин кызматтан кетирүү сунушун четке кагуу тууралуу комитеттин чечимин 48 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду.

Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

28-апрелде “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке каккан.

Количество просмотров: 74