• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутат Кожокулова «чет өлкөлүк өкүл» боюнча мыйзамдын азыркы учурда кереги жок экенин айтты

17 Тогуздун айы 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Гуля Кожокулова «аталган мыйзам долбоору укутук, гендердик, корруцияга каршы, экологиялык, укук коргоочулук сыяктуу экспертизалардан өттү беле? Себеби, корутундуда мен мындай тыянактарды көргөн жокмун, ошондуктан ушундай суроо берип жатам» деген пикирин айтты. Ал эми мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова баардык текшерүүлөрдөн өткөнүн билдирди.

«Силер өзүңүздөр аталган мыйзам долбоору иштеп жаткан мыйзамга дал келет деген корутунду чыгарып, бирок так кайсыга экенин жазган эмесиздер. Бул багытта, тагыраагы корутундулар боюнча биз жакшы көңүл буруубуз керек. Биз азыр угуп жаткандай бир топ ченемдерде аталган мыйзам долбоору мыйзамга туура келбейт. Бул өтө чоң коңгуроо чалуу баарыбыз үчүн. Ал эми концепция маселеси боюнча, биз концепцияны кабыл алуу менен кийин 2-3-окууларда биз алмаштырбайбыз, туурабы? Башкача айтканда биз кошумчаларды, редакциялык өзгөртүүлөрдү гана киргизебиз. А өзү концепция эки мыйзамдан турат, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодекси. Ал эми Министрлер кабинетинин корутундусунда баардык мыйзам долбоорлору өзгөртүлүүсү керек деп көрсөтүлгөн. Көп нерсе түшүнүксүз болуп жатат. Алардын катарында бул жерге киргизилген кылмыш-жаза жоопкерчилиги эмнеге киргизилип жатканы, кайсы кылмыштын түрү үчүн экени дагы түшүнүксүз», — деп билдирди депутат Кожокулова.

Кожокулова мыйзам долбору тууралуу тийиштүү баардык түзүмдөрдүн пикирлерин угуп чыгуу зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде баардык маалыматтардын алып, анализ кылганда бул сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуунун кереги жок болуп калат.

Кошумчалай кетсек, парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Эске салсак, «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 74