• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Депутаттар парламенттик шайлоону жылдырууга макулдук берди

22 Тогуздун айы 2020 19:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди. Депутаттар «КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 10 чакты депутаты — А. Жапаров, Т. Мамытов, К. Исаев, Ө. Текебаев, И. Өмүркулов, А. Сулайманов, Ж. Турускулов, Н. Алимбеков, Ө. Бакировдор демилгелеген.

Ага ылайык, буга чейин белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаз айларына жылдырылышы мүмкүн.

Президенттик, парламенттик шайлоолору Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүлөт.

Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 22-октябрда келип түшкөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, бийликти бир кишинин колуна берүү аракети деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорун жазууда Конституциянын бир да нормасы бузулбаганын айтышты.

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду.

Негиздемеде азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) иши токтоп турганы, Жогорку Кеңештин ишин калыбына келтирип, имаратын оңдоо зарыл экендиги эске салынды. Мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 36 миллиард сомдон ашып турганы жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдык үчүн чыгымдар бар экени, шайлоодон кийинки окуялар боюнча чыгым 450 миллион сом болгону жазылды.

Кырдаалды жөнгө салганча президентти мөөнөтүнөн мурда жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруп, конституциялык реформа жүргүзүү зарыл экени белгиленди.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жүргүзүлө турган конституциялык реформа 10-январга чейин аяктай турганы, парламенттик кайра шайлоо ошондон кийин гана, бирок 1-июндан кечиктирилбестен өтүшү зарыл экени айтылды.

Количество просмотров: 375