Бүгүн, 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү.
Жыйында күн тартибиндеги алгачкы маселе катары өкмөт башчынын талапкерлиги, анын программасы жана өкмөттүн жаңы курамы каралды.
Анда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлады.