• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутаттар шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту

22 Теке 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда ЖКнын жалпы жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды. Ага 99 депутат макул, 7 эл өкүлү каршы добуш берди.

Буга чейин парламентте документ 14-июлда талкууланып, 15-июлда да уланган. Бир катар депутаттар шайлоо мыйзамы боюнча долбоор чийки экенин, эгерде бул документ кабыл алынса Жогорку Кеңешке акчалуулар, аймактардагы чоң муштумдар гана келип, жаштар менен аялдарга мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышты. Ошондой эле, 35 депутатты бир мандаттуу округдардан, 55ин партиялык тизме менен шайлоо боюнча сунуш түшүнүксүз экенин билдиришти. Алар депутаттарды партиялык тизме менен шайлоо керектигин жана талапкерлерге өзүнчө добуш берүү системасын киргизүү демилгесин көтөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова долбоор коомчулуктагы суроо талапты эске алуу менен жазылганын, айрым кемчиликтер экинчи окууда оңдолорун айткан.

Ал эми кечээ, 21-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров ЖК депутаттары менен жолугушуу өткөргөн. Депутаттар президент менен болгон жолугушууда шайлоо мыйзамдары тууралуу сөз болгонун айтышкан.

Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система аркылуу шайланат. Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Количество просмотров: 207