• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттар шайлоого чейин маянасыз иштемей болушту. Айрымдар буга каршы

23 Тогуздун айы 2020 10:40 Бишкек Govori.TV

Көпчүлүк депутаттардын сунушу менен октябрь айынан тарта айлык албай иштөө макулдашылды. Бул тууралуу ЖК депутаты Акылбек Жапаров 22-октябрда депутаттардын жыйынында билдирди.

«Бул боюнча чечим кабыл алынды, азыр юридикалык жактарын иретке келтирип жатабыз. Бирок ЖКнын аппарат кызматкерлерине маяна берилет», — деди Жапаров.

Деген менен жыйын учурунда депутат Евгения Строкова сөз сүйлөп, жеке өзү жана кесиптештери Аида Касымалиева, Айнура Осмонова айлык менен гана жашай турганын айтып, бул чечимге нааразы болду.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

Количество просмотров: 97