• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар спикерге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатканы айтылды

28 Тогуздун айы 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар спикер Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатканы тууралуу маалымат айтылды.

Маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талат Мамытовдун талапкерлиги сунушталып жаткан.

Ал эми Мамытов өзү бул боюнча мындай маалымат берип: «Мен азыр айта албайм, демилгеленип жатат (спикерге каршы кол топтоо). Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш чечим чыгарат. Мага азырынча эч ким кол койдуруу үчүн келе элек», — деди.

Количество просмотров: 115