• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Депутаттар спортчуларга үй берүүнү демилгеледи

1 Жалган куран 2018 11:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.03.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Камчыбек Жолдошбаев ийгилик жараткан спортчуларга мамлекет көңүл бурушу керектигин билдиришти.
Депутат Икрамов өкмөт спортчуларды сыйлоо маселесин кайрадан жандандырбаса, спортчулардын келечеги бүдөмүк экендигине токтолду.
— Учурда Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Кечээ бир балбаныбыз Акжол Махмудов өлкөбүзгө алтын медаль алып келди. Мындай спортчуларды мамлекет үй менен камсыз кылып колдобосо, чемпиондун келечеги эртең кандай болору белгисиз.
Буга чейин Кыргызстандын күрөш түрлөрү боюнча федерациянын вице-президенти Нурланбек Исмаилов мамлекет спортчуларга 50 млн. сомго чейин каражат бөлөрүн, бирок бул каражат күрөштү каржылоого жетишсиз экендигин билдирген.

Количество просмотров: 9