• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутаттар Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

27 Бештин айы 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Депутаттар анын талапкерлигин талкуусуз колдоду. Буга чейин анын талапкерлигин эки тармактык комитет колдогон.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 25-декабрда айыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Количество просмотров: 78