• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутаттар Улуу Британия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

25 Тогуздун айы 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Гүлшаркан Култаева, Дастанбек Жумабеков, Эльвира Сурабалдиева, парламенттин Аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, алгач делегация мүчөлөрү парламенттер аралык мамилелер кеңсесинин башчысы Эд Бели Улуу Британиянын парламентинин түзүмү тууралуу маалымат берди, андан соң ушул эле кеңсенин менеджери Мишель Вендин коштоосунда Британия парламентинин имараты менен таанышты.

Андан соң Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл, Жамааттар палатасынын депутаты Даниель Качински, Лорддор палатасынын мүчөсү баронесса Элисон Мэри Сутти менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан Улуу Британия мамлекети менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалады.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды арттыруу менен эки тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү керектигин айткан Нурланбек Азыгалиев парламенттик монархиялык башкаруу формасына ээ Улуу Британия мамлекети бул багытта чоң тажрыйбага ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен демократиялык багытта чоң жетишкендиктерге ээ өлкө экенин белгилеп, байланыштарды өнүктүрүүгө тиешелүү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары жолугушууда депутаттардын этикалык кодексин иштеп чыгуудагы тажрыйбалар талкууланып, кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.

Количество просмотров: 76