• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттар уурдалып өлтүрүлгөн кыз тууралуу ИИМ башчысынын маалыматын талап кылышууда

8 Чын куран 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар Бишкектен уурдалып өмүрү кыйылган кыз тууралуу маселе көтөрүштү. Жыйында вице-спикер Аида Касымалиева ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырып, маалымат алууну сунуштады.

«Мыйзам долбоорлору каралып жатканда баарыбыз отурумга келебиз. Мындай окуя биринчи жолу болгон жок. Ички иштер министри келип маалымат берсин. Мен эртең мененкиге чейин күттүн президентти, өкмөт башчыны», — деди ал.

Депутат Айсулуу Мамашева бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынан күн тартибине киргизүүгө чакырды:

«Талант Турдумаматович, уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын маселесин күн тартибине сиз — спикер биринчилерден болуп киргизүүгө тийиш элеңиз. Тилекке каршы андай болгон жок. Кыздардын маселесине кайдыгер карабайлы, Айсулуу карапайым адамдын кызы болгону үчүн саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек», — деди Мамашева.

Мамытов бул маселени көтөрүү мүмкүнчүлүгү депутаттарга берилгенин белгилеп, киши колдуу болгон кыздын окуясы коомдун трагедиясы экенин айтты.

Эске салсак, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Количество просмотров: 97