• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар жаңы өкмөт башчыны жактырышты

18 Бештин айы 202412:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына Данияр Амангельдиев, Экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш аталган талапкерлерди дайындоого макулдук берип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер тууралуу маалымат берди.

Количество просмотров: 229