• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутаттар Жапаровду убактылуу премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөнү айтылды

6 Тогуздун айы 2020 17:42 Бишкек Govori.TV

«Достук» мейманканасында саат 16:00гө Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясы өтмөк.

Бирок имараттын ичине баары киргизилген жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жарымы имаратка кирсе, жарымы көчөдө калды.

Камчыбек Ташиев депутаттарды чогултуп, кворумду толтуруп жатышканын айтты. Ушундай эле билдирүүнү Садыр Жапаров айтып, кетип калды.

«Достук» мейманканасына депутат Мирлан Бакиров, Алмамбет Шыкмаматов, Умбеталы Кыдыралиев, Алмасбек Акматов, Талант Мамытов, Кожобек Рыспаев жана «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов келди.

Саат 16:40ка карата жыйын залына журналисттер киргизилген жок.

Ал эми жарандык активист Аманкул Бабакулов жыйында Садыр Жапаровду убактылуу премьер-министрлик кызматка дайындоо маселеси каралууда деген.

Соңку маалыматка караганда, 35 депутат келди.

Количество просмотров: 535