• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар жашыруун камера коюп, телефон тыңшоого жол берген мыйзам долбоорун колдоду

25 Бугу 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакетин үч окууда кабыл алды.

Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

  • “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи өкмөт);
  • “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
  • “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Буга чейин «Контрчалгындоо иши жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда соттун чечимисиз эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге жашыруун камера коюуга уруксат берүү каралган. 

Мыйзам долбоорлору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 199