• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Жогорку соттун төрагалыгына М. Сатыевдин талапкерлигин колдоп беришти

23 Тогуздун айы 202414:10 Бишкек Govori.TV

23-октябрдагы жалпы отурумда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоп беришти.

Медербек Сатыевдин талапкерлигин Жогорку соттун төрагалыгына 22-октябрда Судьялар кеңеши сунуштаган.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламенттин макулдугунан кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Мурдагы төрага Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын 9-октябрда жазган.

Количество просмотров: 146