• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутаттар Зулпукаров менен Жээнбековдун тарапташтары соттун алдына чогулду

31 Бугу 2021 22:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун тарапташтары чогулду.

Имараттын алдына чогулгандар «Эл уулдарына эркиндик!», » Боштондук! » деген жазууларды кармап турушканын көрүүгө болот.

«Асылбек Шариповичтин «Кумтөргө» эч кандай тиешеси жок. Бизге да азыркы айыптар түшүнүксүз болуп жатат»,-деп билдирди акциянын катышуучусу.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКдагы сурактан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнебков 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

Маалыматка караганда, депутат Төрөбай Зулпукаров дагы кармалган. Ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. 

Количество просмотров: 391