Асылбек Жээнбеков март айында умрага барган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Зулпукаров Асылбек Жээнбеков менен байланышканын айтты.
“Ал Сауд Аравиясына барган эмес жана 20-мартта келген келбегенин айтты. Мындан улам Сауд Аравиясынан келген каттамды кимдир бирөө текшертпей өткөрүп жиберген деп парламентте айтылган маалыматты жакшылап текшериш керек”, — деди Зулпукаров.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Ирина Карамушкина Сауд Аравиясынан келген каттам Кыргызстандын аймагына коронавирус илдетин алып келгенин, кимдин айынан жүргүнчүлөр текшерүүдөн өткөрүлбөй жана обсервацияга жаткырылбай үйлөрүнө жиберилгенин сураган болчу. Ошондой эле ал жүргүнчүлөрдүн арасында депутаттар болгонбу деп суроо узатып, алардын арасында Асылбек Жээнбековдун бар жогуна кызыккан болчу.