Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.
«Коррупциясыз кыргыз коому» уюмунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев баш болгон активисттер кылмыш иши козголгон 10 депутаттын Жогорку Кеңеште отурганын айтып чыкты.Топчубек Тургуналиев бул маселе боюнча жакында Жогорку Кеңешке барыша турганын белгиледи.
Анын пикирине караганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири кылмыш иши козголгон депутаттардын саны 24 экендигин айткан.
6-чакырылышта ар кандай жагдайда кылмыш иши козголгон эл өкүлдөрү арбын болду. Алардын айрымдары акталды. Айрымдарынын кылмыш иштери кыскарды.