23-октябрга карата 437 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, азыр тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Боршайкомдун маалыматына караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.