• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Депутаттыктан акимчиликке

2 Теке 201916:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Аттокурова Сымбаткан Кадыровна Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук майадминистрациядан билдиришти.

Ал 1971-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1991-1998-жылдары И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн.

1992-2009-жылдары Ак-Жар айылындагы мектепте мугалим болуп иштеген. 2009-2013-жылдары ушул эле мектепте директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болгон. 2018-жылы Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканалар информациялык тармактын директор кызматын аркалаган. 2008-2012-жылдары Ат-Башы райондук кеңешинин, 2012-2016-жылдары Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2017-жылдан баштап Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштеп келген.

4 баланын энеси.

Количество просмотров: 14