• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Депутаттын атасы Ильяскожо Ажибаев наамынан ажыратылды

5 Бештин айы 20239:29 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү шаардык кеңеши кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган Ильяскожо Ажибаевди “Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка карата, шаардык кеңештин кезексиз жыйынына катышкан 19 депутаттын 16сы бул сунушту колдогон.

«Мындай чечимди кабыл алууга Сүлүктү шаарынын тургундарынын кайрылуусу себеп болгон. Алардын шаардык кеңешке жолдогон катында “жакында уюшкан кылмыштуу топтордон баш тартканы боюнча видео кайрылуу жасагандардын арасында Ильяскожо Ажибаев да бар экени, анын кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланганы үчүн” аны наамдан ажыратууну суранышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 25-ноябрда айрым адамдарды уюшкан кылмыштуу топтордон баш тарттыруу боюнча иштер жүргөнүн кабарлап, төрт кишинин видео кайрылуусун жарыялаган. Алардын катарында Ильяскожо Ажибаев да болгон. Ал кылмыштуу дүйнөгө тиешеси болбогонун, “Дед Хасан” жана “прокурор” деген каймана аты жок экенин» айткан.

Ильяскожо Ажибаев – Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы.

Количество просмотров: 172