• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттын бир тууганы пара менен кармалды

30 Бештин айы 2020 9:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 29-декабрда пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. 

Ал 48 жаштагы К.М.А. аттуу кызматкер Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.

Ошондой эле, УКМК кармалган кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экенин тастыктады. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 566