Бүгүн, 26-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча алгачкы сот отуруму өттү.
Жапыкеевдин тарапкери Канат Хасанов кийинки соттук отурум 4-июнда улана турганын «Азаттыкка» билдирген. Буга Жапыкеевдин жактоочусу доо арыз менен таанышып чыгыш үчүн убакыт сурагандыгы себеп болгон.
Эске салсак, Сыймык Жапыкеев буга чейин Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Анын ичинде Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылган. Ал эми
депутат Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.