Голливуд актёру жана жаратылыш коргоочу Леонардо Ди Каприо казак өкмөтүн бөкөндөрдүн санынын көбөйүшү менен куттуктады.
Актёр өзүнүн Instagram баракчасындагы билдирүүсүндө Казакстан өкмөтү мыйзамсыз аңчылыкка каршы демилгелерге жана жаңы корголуучу аймактарды түзүүгө көп каражат жумшаганын жазды.
«Алардын жаратылышты коргоо уюмдары, университеттер жана илимпоздор менен кызматташуусу жаратылышты коргоодогу чыныгы ийгиликтин мисалы болуп саналат», — деди ал.
Эл аралык жаратылышты коргоо биримдиги (IUCN) мурда бөкөндөрдү «олуттуу түрдө жок болуп кетүү коркунучу бар» жаныбарлардын катарына киргизген.
Быйыл Казакстандын Экология министрлиги сайгактардын көбөйүшү айыл чарбасына зыян алып келерин түшүндүрүп, аларга аңчылык кылууга уруксат берген. Батыш Казакстан облусунда аңчылык октябрь айында башталган. Орол бөкөндөрүнүн бештен бирин кыскартуу пландаштырылган. Аңчылыкка чейин алардын саны 1,3 миллионду түзгөн.