• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Динара Исаева, ЖК депутаты: “Сүрөттөн мурдагы жолдошум Данияр Үсөновдун өзүн эле көрүп турам”

30 Теке 2018 9:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.07.2018. Govori.TV
“Азыр интернетти тараган сүрөттөн мурдагы жолдошум Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Бирок жаман же жакшы деп айта албайм”.  Бул тууралуу ЖКнын депутаты Динара Исаева интернетте тараган КРнын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Белорусияда Данииль Урицкий деген ат менен ишкерлик кылып жаткандыгы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип жаткан  да айткан.

Анын айтымында,ал жолдошу менен 8 жылдан бери чогуу жашабай калган. Ошондуктан, мурдагы жолдошунун азыр кайда эмне кылып жүргөнү тууралуу кабары жок. Бирок, анын аты-жөнүн өзгөртүп алгандыгы тууралуу мурда эле уккандыгын да жашырган эмес.
“Мен анын кайда экенин билбейм. Биздин чогуу жашабай калганыбызга сегиз жыл болду. Мурда дагы аты-жөнүн өзгөртүп алыптыр деп жазып жүрүшкөн. Мен анда жөн эле жазып жатышат го деп ойлогом. Азыр интернетти тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Бирок жаман же жакшы деп айта албайм. Ага 2010-2011-жылдары жолуккам. Мен Кыргызстанга келдим, ал башка жакка кеткен, — деген Динара Исаева.
Эске сала кетсек, белорусиялык ММКлар Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, эл аралык издөөдөгү Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош  Даниил Урицкий деген ишкер тууралуу сюжеттерди көрсөтүшкөн. Анда ал адам “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” дегени ир компания жетектеп, ал кытайлык инвесторлор менен бирге өндүрүш долбоорлорун жандандырып жатканы айтылат.
Количество просмотров: 3