Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев классташтары менен жолуккандан кийин өлтүрүлгөн аялдын үй-бүлөсүнө барды.
Токторбаев маркумдун жакындарына көңүл айтты. Ал бул трагедия бүтүндөй Кыргызстанды дүрбөлөңгө салганын белгилеп, коом аялдарга карата зомбулукту кескин айыптап жатканын баса белгиледи.
Мэр ошондой эле өлтүрүлгөн аялдын балдарын Оштогу В.Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берүүнү убада кылды. Алар жатакана, тамак-аш, кийим-кече камсыз болушат, деп убадалады.
Эскерте кетсек, кырсык 26-майда Өзгөн районунда болгон. Милицияга Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы тургуну А.Э. алган жаракатынан улам ооруканага бара жатып каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Милициянын маалыматына караганда, аял классташтары менен жолуккандан кийин үй-бүлөлүк жаңжалда атып өлтүрүлгөн.
Адам өлтүрүүгө шектелип анын күйөөсү, 40 жаштагы А. Б. кармалган. Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Жубайлардын беш баласы болгон. Улуу уулу студент, калгандары мектеп жашындагылар.