• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Алмазбек Атамбаевдин балдары күбө катары кармалган

10 Тогуздун айы 2020 23:06 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевдин балдары массалык башаламандык фактылары боюнча күбө катары кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда 10-октябрда Сейит жана Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Анвар Арматов күбө катары кармалышкан. Алар 9-октябрдагы Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишине күбө катары өтүшүүдө:

«9-октябрдагы окуялар боюнча Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандыктарды уюштуруу») негизинде иш козголуп, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т. Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаев күбө катарында кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына алып келинген».

Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, Кадыр Атамбаев менен Сейит Атамбаев күбө катары көрсөтмө берген соң, коё берилген. Ал эми Темирлан Султанбеков менен Анвар Арматов күбө катары көрсөтмө берип жатышат.

Мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева бүгүн күч кызматкерлери бронетранспортер менен келип, Алмазбек Атамбаевди жана уулдары Сейит менен Кадырды, аларга кошуп Темирлан Султанбековду да кармап кетишкенин журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда 9-октябрда Атамбаев октон аман калганы үчүн түлөө өткөргөнү жаткан кезде, күч кызматкерлери кирип келип, кармап кетишкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 9-октябрдагы массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаев, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев жана Фарид Ниязов кармалганын маалымдаган.

Количество просмотров: 1063