Теги кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол британиялык атаандашы Линдон Артурду жеңип, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук курун коргоп калды. Ушуну менен Бивол чемпиондук курун он биринчи жолу сактап калды.
Беттеш 24-декабрга караган түнү Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өттү. 12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти. 11-раунда Бивол атаандашын нокдаунга кетирди.