• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Добуш берүүнүн жаңы эрежесин билесизби? (Түшүндүрмө)

16 Жетинин айы 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Ал жаңы Баш мыйзам менен кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Бул жолу парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоо күнү жарандарга экиден бюллетень берилет. Төмөндө шайлоодо добуш берүү эрежелери менен тааныштырабыз.

Кимдер добуш бере алат?

Шайлоодо 18 жашка толгон, биометрикалык маалыматтарды тапшырып, шайлоочулардын тизмесине киргизилген гана Кыргызстандын жарандары добуш бере алат.

Добуш берүүгө кайсы документтер талап кылынат?

Шайлоочу добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жараны экенин далилдеген паспортун (ID-card, чет элдик, биометрикалык) көрсөтүшү керек. Кийин ал биометрикалык маалымат боюнча аныкталууга тийиш.

Партияга гана эмес, талапкерге дагы кантип добуш берсе болот?

Ар бир шайлоочу партиянын өзүнө эле эмес, ичиндеги конкреттүү бир талапкерге да добуш бере алат. Анда бюллетень эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө партияларды аты жана «баарына каршы» графасы, анын жанына бош чарчы коюлат. Экинчисинде номер коюлган 54 квадрат бар. Андагы сандар партиянын тизмесиндеги талапкерлердин катар номери катары эсептелет. Шайлоочу өзү тандаган партиядагы бир эле талапкерге добушун бериши керек. Добуш берүү үчүн тийиштүү квадратка белги коюу зарыл. Башкача айтканда, талапкерге добуш берүү үчүн анын катар номерин билүү керек.

Эгер жактырган талапкериңизди шайлап, бирок партияга добуш бербесеңиз бюллетениңиз жараксыз деп табылат.

Тескерисинче, эгер партияга добуш берип, талапкерлерди белгилебей калсаңыз эч нерсе эмес. Анда партияны босого чекке жеткирүүгө жардам берди деп саналып калат.

Бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди кантип шайлайсыз?

Бул система менен добуш берүү жеңил эле. Бюллетенде талапкерлердин тизмеси жана «баарына каршы» графасы гана болот. Шайлоочу анын округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлердин добуш бере алат.

Чет өлкөдөгү мекендештер бир мандаттуу округ аркылуу добуш берүүгө катыша албайт.

Кантип туура добуш берүү керек?

Бюллетенди сүрөткө, видеого тартууга жана добуш берүүчү жайдан сыртка алып чыгууга тыюу салынат.

Бюллетендин бырышып же бузулбоосу маанилүү, анткени автоматтык добуш саноо урнасы андай бюллетендерди жараксыз бюллетендерге кошуп коет.

Эгер «галочка» сыртка чыгып кеткен болсо же четтери чийилип, бир нече пунктун тушуна коюлса жараксыз болуп калат.

Шайлоого калем ала барууга болбойт. Сканердин эсептөөчү тарабын булгап албоо үчүн добуш берүүдө капиллярдык калем саптар пайдаланылат, алардын сыясы бачым кургайт. Алар шайлоо тилкелеринде берилет.

Количество просмотров: 1463