• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Добуш сатып алуу, шайлоочуларды ташуу. Мыйзам бузуулар боюнча акыркы маалыматтар

11 Теке 2021 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо маалында добуш сатып алуу боюнча 11, шайлоочуларды ташуу боюнча 3, үгүт иштеринин бузулушу боюнча 3 факты катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарынан 9 маалымат түшсө, анын экөөндө мыйзам бузуу аныкталган жок. Бирөө башка фактыга бириктирилди, калган алтоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

“Ош шаарынан 5 маалымат алынды. Алар Бузуулар кодекси менен каралат. Бишкекте 13 маалымат номенклатурдук иш катары каралат. Ошондой эле Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине добуш сатып алуу боюнча бир кылмыш иши катталган. Акча таратып жаткан адамдан 20 миң сом алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо өтүүдө.

Количество просмотров: 117