Боршайком бирдиктүү шайлоо округу боюнча 100 пайыз добуштар саналып бүткөндүгү билдирди.
Бирдиктүү округ боюнча 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия ат салышты. 3 млн 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 млн 293 миң 947 адам өз тандоосун жасаган, башкача айтканда, 34,94 пайызы.
Алты партия 5 пайыздык босогодон өттү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 223 миң 892 добуш же 17,30%;
2. «Ишеним» — 176 миң 382 добуш же 13,63%;
3. «Ынтымак» — 142 миң 267 добуш же10,99%;
4. «Альянс» — 107 миң 859 добуш же 8,34%;
5. «Бүтүн Кыргызстан» — 91 миң 111 добуш же 7,04%;
6. «Ыйман Нуру» — 79 миң 557 добуш же 6,15%.
Ошондой эле 36 депутат бир мандаттуу система менен парламентке келет. Бирок Свердлов жана Биринчи май райондорунда кайра шайлоо өткөрүлөт, себеби эки райондо талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген.