• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Догоев: Өлкөдө ыкчам IT-штаб уюштурулду

4 Чын куран 202010:01 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө ыкчам IT-штаб уюштурулду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 4-апрелде онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналат.

«Түзүлгөн кырдаалдан улам комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT-адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюштурулду. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат», — деди Догоев.

Количество просмотров: 117