• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Догоев: Жыл аягына чейин «Аймак» системасы ишке кирет

16 Теке 2019 15:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жыл аягына чейин жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтыруу үчүн «Аймак» системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, ал системаны «Түндүк» тутумуна кошуу иштери пландалууда.

«Аталган түзүм калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жардам берет. Санариптик мобилдик төлөм кызматын камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктар менен биргеликте иштөөдөбүз», — дейт Догоев.

Мындан сырткары ал белгилегендей, дээрлик 4,8 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкери санариптештирүү боюнча адистикке даярдалууда.

Количество просмотров: 4