• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Доллардын наркынын көтөрүлүшү кыргызстандыктарды кейитпейт

10 Аяк оона 2018 17:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV

Бүгүн, 1 доллардын наркы дээрлик 70 сомго жакындады.

Өткөн аптада АКШ акчасын 68,54 сомдон сатып алып, 68,68 сомго сатып жатышкан.

Ал эми бүгүн 10-сентябрь күнү сатып алуулар 69,65 сом, сатуулар айрым акча алмаштыруу жайларында 69,9 сомго жетти.

Улуттун банк доллар курсун ооздуктоо үчүн аракет көрө элек.

Август айынын башында доллардын куну жогорулап, айдын ортосунда 69,7 сомго чейин жетип, андан соң арзандай баштаган.

А бирок, борбор шаардын тургундары, доллардын наркынын жогорулап жатканына эч кандай кабатыр алган жок.

Айрымдары доллардын наркынын жогорулашын, АКШ нын Орусияга киргизген санкциясы менен байланыштырышты.

Ал эми акча алмаштыруу мекемелери бул туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Количество просмотров: 13