• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 Баш оона 2018 10:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.08.2018. Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал өзүнүн куттуктоосунда бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, ынтымак-ырашкерлик, тынчтык жана бактылуу жашоону каалады. Төмөндө куттуктоо тексти…
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгунун 27 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм жана элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик каалайм!
Биздин ыйык милдетибиз – мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.
Албетте, келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу – ар бирибиздин жарандык милдетибиз.
Биздин күчтүү, эркиндикти сүйгөн элибиз татыктуу жана келечекте гүлдөгөн өлкөдө жашай туганына көзүм жетет.
Бардык мекендештерибизге, жалпы кыргыз өлкөсүнүн жарандарына тынчтыкты жана боорукердикти, эртеңки күнгө ишенимди, экономикалык жетишкендикти жана Ата Мекенибизди сүйүүнү каалайм!
Көз карандысыздык күнүңүздөр менен, урматтуу мекендештер!
ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ
“Ата Мекен” партиясынын лидери
Количество просмотров: 48