• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Долондо мал жүктөгөн унаа талкаланып, 3 адам мерт кетти

5 Үчтүн айы 201918:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.2018Govori.TV.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда «МАН» үлгүсүндөгү унаа мал жүктөп келе жаткан учурда кырсыкка учурап, ак-талаалык 3 тургун каза болду. Аталган маалыматты аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 4-январь күнү саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунун тургуну Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда мал жүктөгөн «МАН» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, кырсыкка учурап, ичиндеги адамдардан жаракат алгандар бар экендигин билдирген.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган. 4-январь күнү саат 20:20 чамасында Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 1996-жылы туулган тургуну Н.у.Н. «МАН» үлгүсүндөгү унаасына 21 баш торпок жүктөп алып, Ак-Талаа районунан Токмокко кетип бара жатып, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 283-чакырымына жеткенде унааны башкара албай калган. Анын кесепетинен жолдун карама-каршы тарабына чыгып, жол жээгиндеги парапетти сүзүп өтүп, унаа түндүктү карап, капталынан жыгылып калган.
Натыйжадажүргүнчү катары келе жаткан Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургундары — 1969-жылы туулган Б.М., 1989-жылы туулган А.Т. жана 1991-жылы туулган А.у.Н. денелеринен ар кандай жаракат алышып, Кочкор районунун аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ошол эле Жаңы-Талап айылынын тургундары — 1996-жылы туулган Н.у.Н., 1971-жылы туулган Н.Р. жана 1989-жылы туулган Ш.У. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болуп калышкан.

Аталган факт Кочкор РИИБге катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн учурда «МАН» унаасында жүктөлүп келе жаткан 21 баш торпоктун ичинен 19 торпок өлүп калган. Бүгүнкү күндө аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 11