• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Домодедово» аэропортунан 300дөй мигрантты кууп чыгышты (видео)

1 Чын куран 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Шейшемби, 31-мартка караган түнү формачан белгисиз кишилер Москвадагы «Домодедово» аэропортунан борбор азиялык 300дөй мигрантты кууп чыгышты, алардын арасында Тажикстан жарандары да бар. Бул тууралуу centralasian.org сайтты жазып чыкты.

Бул тууралуу тажикстандык журналист Галия Ибрагимова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын айтымында, коронавирустан улам чек аралар жабылгандыктан, мигранттар үйлөрүнө кете албай эки аптадан бери аэропортто турушкан. Фарух аттуу мигрант 31-мартта болгон окуяны видеого тартып, журналистке жөнөткөн:

https://www.facebook.com/galiya11/videos/10158122863093482/

«Бизди аэропорттон кууп чыгышты. Формачан кызматкерлер келип, баарын чогултууну сурашты. «Бүгүн кечинде учуп кетесиңер» деп убада беришти. Биз баарын чогулттук. 300дөй киши болду. Чогулган соң алар бизди көчөгө кууп чыгышты. Түнчүндө. Суук. «Мындан ары аэропортто турууга болбойт» дешти. Кууп чыгышты. Азыр кишилер көчөдө. Эмне кылышты билбейбиз», – деди ал.

Количество просмотров: 12733